13 жашар кыздын окуясы боюнча президенттин басма сөз катчысы үн катты

7 950

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев милиция кызматкерлери тарабынан зордукталды делген 13 жаштагы кыздын окуясы боюнча комментарий берди.

“13 жашар секелек кыздын зомбулукка кабылышы, болгондо да милиция кызматкерлери тарабынан кордук көрүшү коомчулукту катуу дүрбөттү.

Коомчулукту адилеттүү жаалданткан бул окуяга шектүүлөр февралда кармалып, иштен бошотулуп, учурда бардыгы камакта. Азыркы учурда иш соттун кароосунда, адилеттүү жаза берилет деп ишенебиз.

Бул акмактардын аракети эч кандай актоого, же кандайдыр бир жагдайларды эске алып жазасына жеңилдик берүүгө жатпайт. Мындай зөөкүрлүккө баргандар мамлекеттик системада иштебеши керек. Коомчулук мындай акмактардан тазаланышы керек. Президент Жапаров мындай терс көрүнүштөрдү, айрыкча балдарга карата мындай мамилени кескин сындайт. Мамлекет жашы жете электерге, балдарга карата зомбулукка жол бербөө багытында өз тарабынан бардык аракеттерди мындан ары да көрөт” ,- деп жазды фейсбук баракчасына.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь