Блогер: “Боронов убагында 70 миң битум албай эле, 70 миң тонна өрдөк учуруптур”

835

Кубатбек Бороновдун 70 миң битум сатып алат деген сөзү калп болуп чыкты, тарыхта андай көлөм жылына алынган эмес.

Социалдык тармактарда экс-премьер-министр Кубатбек Бороновдун премьер-министр кезиндеги сөзү кызуу талкууланууда. Анда ал транспорт министрлиги ошол жылы 70 миң тонна битум алат экен деп сөз сүйлөгөн.

Активист Кундуз Ажибекова маалыматты тактоо үчүн Транспорт министрлигине барып, видео материал тарткан. Министрлик берген статистикага ылайык 1 жылда тарыхта 70 миң тонна битум эч качан алынган эмес. Андай көлөмдөгү битум алынса 1200 км ашык асфальт салганга жетмек.

Эскерте кетсек, аталган министрлик быйыл 20 миң тонна битум сатып алды, бул тарыхта эң жогорку көрсөткүч.

chyndyk.media

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь