Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын кызматкери Роберт Жанышов чоң атасы Жетешыков Султан чебердик менен, өз колу менен чогулткан ГАЗ-21 «Волга» ретро унаасын активдүү колдонот…
- Өзүңүз жөнүндө бир аз айтып берсеңиз…
- Мен 20 жаштамын. Мен ЖАКнын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин күжүрмөн кызматтын коопсуздугун камсыздоо взодунда кызмат өтөйм.
Мен ыкчам иликтөө постунун начальнигинин жардамчысымын. - Машинаңыз тууралуу эмне айта аласыз?
- Бул 1959-жылы чыккан. Чоң атам бул Волганы нөлдөн баштап өзү чеберчилик менен чогулткан. Өзүнүн алтын тоюна арнап чогулткан. Албетте, келечекте неберелери үчүн.
- Чоң атаңыз машинаны кантип чогултканын айттып берди беле?
- Ооба. Көптөн бери чогултуп жүрдү. Көп убакытысын, нервин жана күчөн жумшады. Мен билгени эле муну 3 жыл бою жасады. Анча убактка созуоганын дагы бир себеби тетиктер дээрлик жок экен. Россия Федерациясынын ар кайсы аймактарынан издеп, буйрутма берип топтолду. Мунун баары, сиз көрүп тургандай, текке кеткен жок.
– Чоң атаңыздын бул көптөн күткөн долбоорун бүтүргөндөгү алгачкы эмоциялары эсиңиздеби?
- Албетте ал X күнү биздин бүт үй-бүлөбүз анын өзүнүн эмгегинин жана шыктануусунун натыйжасын көрүп сыймыктанып жатканын байкадык.
Чынын айтсам эмоциялар супер болду! Чоң апам менен чоң атам абдан сүйүнүп, биздин үй-бүлөбүз алар менен сыймыктанып жаттык. - Шаардыктар жолдо бараткан унааңызды көргөндө кандай кабыл алышат?
- Бишкектиктердин реакциясы? Алган таасирлердин баары позитивдүү, көбүнчө улгайган адамдар кусалык менен карашат, жаштыгын эстеп, ушундай Волганын каалаганын, ал жөнүндө кыялданганын айтышат! Ал эми жаштар таң калып карашат, бул кандай машина деп көп сурашат.
- Ушундай сейрек кездешүүчү унаа менен сүрөткө түшүп алалы деп келип, суранган учурлар болду беле?
- Күн сайын. Көчөгө чыкканда сөзсүз ушундай болот, мага көнүмүш болуп калды (күлүп). Алар тасмага, сүрөткө тартышат жана көбүнчө бул сейрек кездешүүчү унаага тиешелүү бардык нерселерге кызыгышат.
- Бул ретро үлгү автошоулорго же башка иш-чараларга катышканбы?
- Азырынча жок. Чоң атамдын алтын тоюнда конокторду жана досторду салдык. Анан инимдин мектепти бүтүрүү кечесине алып бардык.
- 2022-жылы мындай сейрек унаанын ээси болуунун кыйынчылыктары барбы?
- Ооба, жаңы унаалардан айырмаланып, мында электр аксессуарларынын, жана автоматтык өткөргүчтөрдүн жетишсиздигинен болушу мүмкүн. Бирок мага баары жагат. Мен айдоодон абдан ырахат алам.
- Сатуу сунушу түшкөнбү?
- Азырынча мындай боло элек, бирок бизге Lexus LX470 жана ToyotaCamry менен алмаштырууну сунушташты. Бирок аларга өкүнүчтүүсү, биз баш тарттык (күлүп).
Сиз бул машинаны канчага баалайсыз?
- Баш аягы баардык тетиктерге эле 8000 доллар кетти. Ар кыл адистерге көрсөтүү жана башка нерселери менен кошо 12-13 000 долларга жакын акча кетти. Бирок ал биздин үй-бүлө үчүн чоң мааниге ээ жана мен аны баа жеткис деп ойлойм!
- Машинаны эмне кыласың?
- Айдайбыз, жөн эле айдйбыз. Сатуу тууралуу эч кандай ойлор болгон эмес, анын үстүнө чоң атамдын бул машине боюнча абдан чоң пландары бар. Бул машина менен неберелери, алтургай чөбөрөлөрү да үйлөнүү тоюн өткөрсө деп кыялданат!
- Мейли, мейли, темир тулпарыңыз дагы көп жыл кызмат кылсын!
Сүрөт Роберт Бакытбековичтин өздүк архивинен