Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын элчисин кабыл алды

635

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасындагы Бириккен Араб Эмираттарынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси доктор Мохамад Саид АльАрикини (резиденциясы Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарында) кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-эмират кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды, атап айтканда, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Тараптар эки тараптуу кыргыз-эмират кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетти жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь