Жай мезгилинде көпчүлүк кызматкерлер эмгек өргүүгө чыга турган учур. Мына ошол эмгек өргүү канча күнгө созулушу керек жана организм үчүн канча күндүк эс алуу жетиштүү деген суроого орусиялык психолог, врач-эндокринолог Антон Поляков орус басылмаларынын бирине айтып берген.
Поляковдун айтымында, организм үчүн 28 күндүк эмгек өргүү пайдалуу болот. Себеби организм эс алуунун үчүнчү аптасында гана пайдалуу ресурстарды топтоого киришет.
“Эмгек өргүүгө чыккандан кийинки алгачкы аптада организм көптөн күткөн эс алууга адаптация ала баштайт. Экинчи аптада адам эс алып, психикасын калбына келтирүү процесстери жүрөт. Үчүнчү аптада пайдалуу ресурстарды топтоого киришет. Башкача айтканда, чарчоо жазылып, психика калыбына келип, стресске туруштук берүүчү энергия топтолот. Ал эми төртүнчү апта кадимки жашоо ритмине адаптация алуу, мурдагы иш графигине киришүүгө арналат. Эгер адам ушул тартипте эс алса, ал кийинки эмгек өргүүгө чейин жете турган энергия топтоп, психологиялык абалы нормада болот”, – деген дарыгер.
Ошондой эле ал кыска мөөнөттүү эс алуу адамдын организми үчүн жетишсиз, керек болсо пайдасыз деп эсептейт. Себеби анда организм эми гана чарчоосун жазып баштаганда кайрадан ишке киришүүгө туура келип, организм керектүү ресурстарды топтоого жетишпей калат деп кошумчалган.