2022-жылдын январь-май айларында Кыргызстан Молдовага 2,2 миллион долларга жаңгак экспорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.
Жаңгактын экспортунун көлөмү 521 тоннаны түзүп, 1 тоннанын экспорттук баасы орто эсеп менен 4,2 миң долларды камтыган. Товардын бажы кодексине ылайык, кабыгы тазаланган жаңгак Молдовага жеткирилген.