Кудрет Тайчабаров iPhone 12 телефонун тендерсиз алганы айтылды

267

1-августта активист Атай Бейшенбек “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын директору Кудрет Тайчабаров ишкананын эсебинен 110 миң сомго iPhone 12 Pro Max уюлдук телефон жана 2 миллион сомдон ашык акча каражатына Toyota Land Cruiser 200 унаасын алганын социалдык тармактагы баракчасына жазган.

“Бишкек” ЭЭАны Кудрет Тайчабаров жетектегенден бери кыйраткан иштерин деле көргөн жокмун, бирок мындай ашыкча чыгашаларга, ойлонулбаган кадамдарына каршы турушубуз керек.Субъектилердин биринен ижара акысынын ордуна деп өзү айдап жүргөн Toyota Land Cruiser 200 унаасын 2 миллион сомдон ашык каражатка алганы кандай? Буларга ушунчалык люкс стандарттагы кызматтык унааны ким бышырып коюптур?! “Бишкек” ЭЭАнын эсебинен дагы 110 миң сомго iPhone 12 Pro Max алыптыр! Кудайды карасаңар боло!? Бул чети гана”, – деп жазган активист.Бул маалыматты Кудрет Тайчабаров четке каккан.Өз кезегинде ПолитКлиника” медиасы бул маалыматтарды текшерип көрүп, Тайчабаров iPhone 12 Pro Max уюлдук телефонун тендерсиз алганын жарыялады.

“Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтындагы маалыматка ылайык, “Бишкек” эркин экономикалык аймагы 2020-жылдын октябрында Улуттук көргөзмө борборуна товар сатып алуу үчүн үч жолу тендер жарыялап, кайра үч жолу тең жокко чыгарган. Мындан тышкары, сайтта андан мурдагы жылдары ЭЭАга караштуу имараттарды оңдоо үчүн беш жолу тендер жарыяланганы көрсөтүлгөн. Ал эми уюлдук телефон алуу үчүн сынак жарыяланганы тууралуу маалымат жарыяланган эмес”, – деп жазды ПолитКлиника” медиасы.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь