Орусияда ири интернет-дүкөнүн өрт жалмады (Видео)

312

Москванын жанындагы Истра шаарындагы «Озон» интернет-дүкөнүнүн кампасында өрттүн аянты 50 миң чарчы метрге жеткенин орус басылмалары жазып чыгышты.

Өрттү өчүрүүгө төрт насостук станциясы тартылып, Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кошумча Ми-8 тик учагы күжүрмөн даярдыкка келтирилген.

Шаршемби күнү эртең менен РФнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы өрт Истрадагы Озон кампасын каптап, өрттүн аянты 35 миң чарчы метрге чейин көбөйгөнүн билдирген. Интернет-дүкөндүн 1 миңден ашык кызматкерлери жайдан өз алдынча чыгып кете алышкан.

11 адам жабыркап, алардын экөө ооруканага жаткырылган.

Өрт боюнча иликтөө иштери башталды деп айтылат маалыматта.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь