Орусиядан Ошко учкан учак Бишкекке чукул конууга мажбур болду. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы билдирди
Окуя бүгүн, 4-августта эртең менен болгон. “Урал аба жолдору” авиакомпаниясынын учагы Москвадан Ошко учкан. Техникалык себептерден улам ал авариялык конууга аргасыз болгон.
«Манас» аэропортунан билдиришкендей, авиакомпания жүргүнчүлөрдү мейманканага жайгаштырууда. Ошко учуунун убактысы азырынча тактала элек.