Талас жана Нарын облустарында 10 чакты жеке менчик телеканалдар өчүрүлдү

199

“Санарип технологиялар” ишканасы каржылык маселеден улам Талас жана Нарын облустарында 1-августтан тарта он чакты жеке менчик телеканал өчүрүлгөнүн билдирди. Арасында 3-канал, Next TV, Super TV, NewTV өңдүү каналдар бар. Учурда көйгөйдү чечүү аракети көрүлүүдө.

Аталган ишканадан кабарлашкандай, жалпы карыз 6 миллион сомго жакын. Мындан улам Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча радиорелейдик магистралдык республикалык өндүрүштүк бирикмесине каналдарды өчүрө туруу сунушу берилген.

Кыргызстан 2015-жылы санарип телеберүүгө өткөн. Жеке каналдар “Санарип технологиялар” биргелешкен ишканасын түптөп, ал аркылуу жогоруда аталган республикалык бирикмеге акы төлөп, эфирге чыга баштаган.

Иш тартибине ылайык, жеке каналдар берген акчаны “Санарип технологиялар” Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча радиорелейдик магистралдык республикалык өндүрүштүк бирикмесине төлөөгө тийиш.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь