26 жаштагы кыз эркекке айланып кайрадан жынысын алмаштырды (Сүрөт)

579

26 жаштагы британиялык Сэм эркек болууну чечип, көкүрөгүн алдырып гормон терапиясынан өткөндөн кийин, бул жаңылыштык экенин түшүнгөн. Жыныстык өзгөрүү башталгандан эки жыл өткөндөн кийин анын ден соолугу начарлап, кайра аял болууну каалаган.

“Бир нече айдан кийин үнүм жооноюп, денемде жана бетимде чачтар өсүп, ал тургай микропенис пайда болду. Мен чоң өзгөрүүнү байкадым. Мурда мен абдан эмоционалдуу адам болчумун, бирок мага тестостерон эмоцияларымды басаңдатуучудай сезилди”, -деген Сэм.

Сэмдин айтымында, ал транс коомчулугунун катуу кысымына кабылууда.

«Эркек болуп баратам десем, досторум мени колдошту. Бирок мен процессти артка кайтарам деп жарыялаганымда, алар менден качышты», -деп кошумчалаган ал.

Эми Сэм башкаларды жыныстык өзгөрүүнүн кесепеттери жөнүндө эскертип, жети өлчөп бир кесип чечим кабыл алууну сунуштоодо.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь