Азимбек Бекназаров Малайзиядагы элчи кызматынан алынды

440

Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.Маалыматта мындай чечим Бекназаровдун алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөө тапшырмасын аткара албагандыгына байланыштуу кабыл алынганы айтылды.Эскерте кетсек, Бекназаров аталган кызматка 2019-жылдын соңунда дайындалган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь