Банктан хакерлер 1,5 млн доллар акчаны картага которуп алган

2 371

Ташкен шаарындагы «Давр банктын» системасын бузган адамдар өздөрүнүн банк картасына 15 млрд сум өлчөмүндөгү акча каражатын которуп алышкан.

Бул сумма — 1,4 млн доллар. Шаардын ички иштер бөлүмүнүн расмий маалыматы боюнча, 15 млрд сум Н.Ш. аттуу жарандын атындагы банк картасына которулган.

Бул каражат банктын системасына кол салган топтогу жарандарга бөлүштүрүлгөн. Өзбекстандын мыйзамынын негизинде кылмыш иши козголуп, 11 шектүү кармалганы белгилүү болду. Баары убактылуу камакка алынып, тергөө уланып жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь