Кафеге келген кыз-жигит мушташа кетишти (Видео)

69 327

Карагандада кафеге келген жигит менен кыздын мушташа кеткенин күбөлөр видеого тартып алышкан. Мушташкандардын бири оюн-зоок мекемесинин айнегин сындырган, деп билдирет KAZ.NUR.KZ басылмасы.

Окуя Караганда шаарынын борборундагы Нуркен Абдиров проспектисинин боюнда жайгашкан кафелердин биринин короосунда болгон.

Интернетке тараган видеодо кыздын оюн-зоок мекемесинин алдындагы көчөдө эркек кишинин колу-бутунан тарткылап жатканы түшүп калган. Ошондой эле жигиттин айланасындагылардын баарын кыйратып жатканы тартылган.

Бир аз убакыт өткөндөн кийин бир нече адам окуяга аралашып, ачууланган жигитти сабырга чакырган.

Аталган башкармалыкка бүгүн саат 08:00дө ИИМдин Борбордук башкармалыгына кафенин кызматкерлеринен чакыруу түшкөн.

“Окуя болгон жерге келген оюн-зоок жайынын администратору кардарлардын бири сүйлөшкөн кызы менен урушуп, мүлктү бузуп, айнекти сындырып алганын айткан. Ал эми чырга катышкан 23 жаштагы жигит милиция бөлүмүнө жеткирилген. Кырдаал такталууда, бул маалымат милицияга катталды”, – деп билдиришкен мекемеден.

https://web.telegram.org/k/#@patriot_patriot

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь