Кыргызстанда Аялдардын ишкердиги ЭКСПО 2022 көргөзмөсүнө катышууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталды

263

Кыргызстанда Аялдардын ишкердиги ЭКСПО 2022 көргөзмөсүнө катышуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталды.

Көргөзмө Кыргызстандагы БУУнун Аялдар түзүмү тарабынан КыргызПатент мамлекеттик агенттиги, Кыргызстандагы аялдардын ишкердигин өнүктүрүү жана зомбулукту азайтуу боюнча коалициясы, Accelerate
Prosperity демилгеси, Европа Биримдиги, Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы, Аялдардын ишкердиги үчүн каржылоо демилгеси (We-Fi) жана USAID ишкердикти жана бизнес-чөйрөнү өнүктүрүү боюнча долбоору менен биргеликте өткөрүлөт.

Women’s Entrepreneurship EXPO экономиканын бардык тармактарында жана өлкөнүн бардык аймактарындагы бизнес алып барган аялдарды чогултуу, окутуу жана нетворкинг үчүн аянтча катары иш жүргүзөт. 2022 жылдын 26-27-октябрда өтө турган көргөзмөнүн алкагында тандалган катышуучулар бизнес жүргүзүү жана инвесторлорго бизнес-идеяларын тааныштыруу боюнча окуу иш-чараларына катышып, тажрыйба алмашуугу мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Төмөнкү шилтеме аркылуу көргөзмөгө кошула аласыз:
https://forms.gle/s3vpYxp17zYff4bs5 .

Өтүнмөлөрдү кабыл алуу 5-августта бүтөт, андан соң көргөзмөнүн экинчи этабы – Accelerate Prosperity демилге тарабынан тандалган 50 ишкер аялдарга бизнес көндүмдөрүн үйрөтүү башталат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь