Туристик мезгилге карата Ош аэропортуна кошумча кызматкерлер тартылды

273

Туристтик мезгилге карата Ош аэропорту аркылуу эл аралык каттамдардын кѳбѳйүшүнѳ байланыштуу аэропорттун аймагына кошумча милиция кызматкерлери тартылды.

2022-жылдын 4-август күнүнѳн баштап Ош аэропортунун аймагында коомдук коопсудукту камсыз кылуу боюнча кошумча милиция кызматкерлери бѳлүндү. Бөлүнгөн кызматкерлер Ош ОИИБдин Кайгуул күзѳт кызматынын ѳзүнчѳ батальонунун туристтик взводуннун жана 1-ротасынын милиционерлеринен жана ИИМдин Атайын багыттагы полкунун жоокерлеринен турган топтор Ош аэропортунун аймагында ѳздѳрүнѳ бѳлүнүп берилген багыттар боюнча коомдук тартипти кѳзѳмѳлдѳшѳт.

Мындан сырткары Кара-Суу райондук Ички иштер бѳлүмүнүн Милициянын көчмө кабылдамасы да жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алуу боюнча иш жүргузүшѳт.
Ошондой эле, Ош шаардык Ички иште башкармалыгынын Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери аэропорттун аймагындагы жол кыймыл коопсуздугун кѳзѳмѳлдѳѳгѳ кѳмѳктѳшѳт. Буга чейин Ош аэропортунда жайгашкан транспорттук милиция бѳлүмүнүн кызматкерлеринин ѳздүк курамы коомдук тартпти кѳзѳмѳлдѳп келген. Кошумча күчтѳрдун катышуусунда бөлүштүрүү нускама ѳткѳрүлдү. Бөлүштүрүү нускама берүүдө коомдук тартипти сактоодо жарандарга сылык мамиле жасап мыйзамдуулукту сактоо талап коюлду.
Ош ОИИБдин Басма сѳз кызматы.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь