Өмүрбек Текебаев Германияга иштөөгө аракет кылган мекендештерге кайрылды (Видео)

413

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Саксониядагы Кыргызстандыктар үчүн мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди.

Текебаев Саксониянын экономика, эмгек жана транспорт министринин статс-катчысы Томас Кралински, эмгек агенттигинин жетекчиси Клаус-Питер Хансен менен жолугушканын билдирди. .

“Мен 2022-жылдын 2-августунда Дрезден шаарында Саксония Федералдык жеринин Экономика, эмгек жана транспорт министрлигинин Статс-катчысы Томас Кралински жана Германиянын федералдык эмгек агентствосунун Саксония федералдык жеринин Регионалдык директору Клаус-Петер Ханзен менен жолугуштум. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Саксониянын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүнүн негизги багыттары талкууланды.

Кыргыз Республикасынын жарандарын Германияда системалуу түрдө ишке орноштурууну уюштуруу жаатында кызматташууну өнүктүрүү маселелери кеңири каралды. Герман өнөктөштөрү Бишкек шаарында 2022-жылдын сентябрь айында кол коюга пландалган Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен Германиянын Федералдык Эмгек агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумдун алкагында Саксония федералдык жеринде кыргызстандык адистерди кесиптик даярдоо боюнча биргелешкен пилоттук долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.

Германияда жумушка орношуунун шарты катары немец тилин тиешелүү деңгээлде билүү зарылчылыгы белгиленди. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарын Германияда уюшкан түрдө ишке орноштуруунун маанилүү маселелеринин бири Кыргызстанда адистер үчүн тил үйрөтүү системасын түзүү болуп саналат. Саксония федералдык жеринин өкүлдөрү да жогоруда аталган Меморандумга кол коюу максатында жана Кыргызстандын жарандарын Германияда ишке орноштурууну системалуу уюштуруу боюнча практикалык кызматташуу маселелерин талкуулоо үчүн германиялык делегациянын курамында Кыргызстанга келүүнү пландаштырууда”, – деп пикир калтырган Текебаев.

Бул видеодо Текебаев Саксониядагы кыргыздарды кандай мүмкүнчүлүктөр күтүп турганын айтып берди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь