Баткенде 1кг өрүктүн баасы 1000 сомго чейин чыгып жатат

854

Баткен облусунда кургатылган өрүктүн баасы (баргек) 1000 сомго чейин чыгып жатат. Бул тууралуу Sokol mediа парталына билдирди.Маалыматка караганда, өрүк ар бир райондо, айылда климатка жараша ар кандай убакта бышат. Мисалы эң алды Лейлек районунун Арка зонасында. Ал эми эң кеч бышканы Зардалы айылында. Учурда Зардалыда өрүк бышып, дыйкандар кургатып жаткан кези.Ал эми кургатууга болбогон өрүктү май айында чет жактарга экспорттошот. Бул өрүк облуста тегиз бышпагандыктан, тоолуу айылдагы өрүктөр кеч бышып, экспорт аз көлөмдө болот. Андыктан аны да алтын күкүрт менен ыштап кургатышат.

Мында өрүк карарып кетпестен, кызыл болуп кургайт. Мындай кургаган өрүктүн кагы (компот өрүк) 100 сомдон өйдө бааланууда.Ал эми облуста өрүктүн көпчүлүк сортун баргек (данегинен ажыратылган өрүк) болуучу өрүк түзөт. Аны даярдоо үчүн өрүктү яшиктерге терип, атайын бир жерге тегерете тизип, алтын күкүрттү түтөтүп үстүнөн түтүнгө ыштоо үчүн кленка менен жаап 1 суткага чейин түтөтүп коюшат. Ышталган өрүк түсүн өзгөртөт. Аны күнгө жайып, сыкмага даяр болгонго чейин коюшат. Анын даяр болгонун данегин чыгарганда ширеси чыкпай калганынан билебиз. Даяр болгон өрүктүн данегинен ажыратып, тегеретип баргек жасалат. Баргек күндө кургатылып, 1 жумада даяр болот.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь