Жаран калыңды кайтарып бер деп мурдагы кудасын сотко берди

6 979

Казакстандын тургуну келинине берилген калыңды кайтарып бер деген талап менен мурдагы кудасынын үстүнөн арыз жазып, сотко кайрылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, доочулар Ж. жана А. аттуу жарандар салт боюнча келин тарапка берилген калың малын жана мүлкүн (тон, көйнөк, зер буюмдары, костюм ж.б.) мурдагы кудасы С.дан кайтарып алуу талабы менен сотко кайрылган.

Доогерлер менен жоопкердин балдары никеде экени аныкталып, 2021-жылдын апрель айында ажырашканы такталган.

Сот арызды канааттандыруудан баш тарткан.

Сот калың мал жана башка заттар келинге белек катары берилгенин жана аларды соттолуучудан талап кылууга негиз жок деген бүтүмгө келген. Анын үстүнө бул нерселерди жоопкер гана эмес, келин тараптан дагы башка адамдар белекке алышкан деп айтылат маалыматта.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь