Нурсултан Кубанов Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматына талапкерлигин койду

8 065

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматына ишкер Нурсултан Кубанов талапкерлигин койду. Бул тууралуу ал социалдык тармактардагы баракчасына жазды.

“Урматтуу Кыргызстандыктар, урматтуу Садыр Жапаров!

Мен Нурсултан Кубанов Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматтан кеткенине байланыштуу, өзүмдүн кандидатурамды Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматына сунуштап көрүүнү туура көрдүм. Мен Нарын шаарында төрөлүп өскөм, кийин 21 кылымдын кадрлары долбоору менен чет жакта билим алып келдим.

Отуздан ашык өлкөдө болдум, Кытай, Малайзия, АКШ мамалекеттеринде билим алдым жана дагы деле Лос-Анджелес шаарынын Citrus College деген окуу жайынын студентимин. Эл аралык партнерлор менен иштешүүнү жакшы түшүнөм, жаңыча, менеджерлик иш алып баруу тажрыйбам бар.

Англис, кытай тилдеринде эркин сүйлөйм, өзүңөр билгендей Малайзиядагы элчиге бир кана англис тил билүү жетишсиз, кытай тилин дагы билүү зарыл. Тил билсең, көп жака жол ачылат Садыр Жапаров. Бизге окшогон жаштарга ишенип, мүмкүнчүлүк берсеңер, анда биз Кыргызстанга инвестролорду тартып, туризм, билим берүү жана башка көйгөйлүү тармактарда эки өлкөнүн ортосунда башка деңгээлдеги иш аракеттерди кылат элек. Кыргыз элине кызмат кылып, элим үчүн таза иштеп берүүгө даярмын.

Ар бир жетекчи 90 күндүн ичинде стратегиялык бир өзгөрүүлөрдү кылыш керек, андыктан мен дагы 90 күн убакыт суранам. Эгер 90 күндүн ичинде стратегиялык план жок болуп, өзгөрүүлөр байкалбай, эч кандай алдыга жылыш болбосо, өзүм эле кызматты тапшырып берүүгө даярмын. Бир постко толук пландарды жазып чыгуу оор экен, ошого мен негизги эле маселелерге токтолдум. Урматым менен, Нурсултан Кубанов”, -деп пикир калтырган ал.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь