Оштун тургуну ДКОго катышуу үчүн шайтан араба менен жолго чыкты (Видео)

476

Ош облусунун тургуну 75 жаштагы Мамыт Таштанов Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн шайтан араба менен жолго чыкты. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, аны сапарга узатуу иш-чарасына президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов, маданият жана искусство ишмерлери, мэриянын кызматкерлери, тургундар катышты.

Таштановго президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан материалдык жардам көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, Мамыт Таштанов 6 мамлекет аркылуу өтөт: Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан, Азербайжан, Армения, Түркия. Иш-чаранын максаты – түрк тилдүү мамлекеттердин элдеринин достугун чыңдоо.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь