Ысык-Көлгө чөгүп кетти делген спортчу аман-эсен табылды

1 120

Ысык-Көлгө чөгүп кетти делген спортчу аман-эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, саат 16:30 чамасында 1974-жылы туулган Е.И.В аттуу жаран Тору-Айгыр айылынан көлдүн жээгине аман-эсен өзү сүзүп чыккан. Аны жалпы 8 куткаруучу издеген.

Бүгүн, 6-августта саат 13:00 чамасында Тоң районунун Кара-Шаар айылынан Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылын карай 15 спортчу сүзүп өтүүгө чыгышкан. Сүзүп бара жаткан учурда көлдүн ортосунда чоң толкун болуп, 1 спортчу дайынсыз жоголгон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь