Дарыканаларда дарыгерлердин көрсөтмөсү жок ар кандай-дары дармектер сатьлып жатканын фейсбук колдонуучусу Нурбек Саяк жеке баракчасына жарыялап, тиешелүү тараптар көңүл буруусун өтүнгөн.
Анын айтымында айрым дарылардын түрлөрүн жаш өспүрүмдөр “наркотик” катары колдонушуп жатышат.
“Бул кадимки эле жеңил жол менен колдонулчу дарылар. Улуу муун анча жакшы билбегендиктен анча маани беришпейт.Коркунучтуу себеби бар. Атайын эксперттерден сурап, тактап алып кыдырдык. Жаш муун, өсүп келе жаткан жаштар бул дарыларды наркотик катары колдонуп жаткандыгы, жана буга көз каранды болсо чыга албасы белгилүү болду. Курамында аң сезимге, акылга зыян заттар болгондуктан атайын доктурдун кагазы жок сатуу биздин өлкөдө катуу тыйым салынган. Ага болбой эле кенен сатылууда.
Бул дарыларды колдонгон балдар алгачкы колдонууларында байкалбайт экен. Байкала баштаганда өтө кеч болуп калаарын билдик. Түнкү саат он эки, бирден кийин атайын ушул дарыларды сатуу соодасы кызуу жүрөт. Балдарга сак болбосок аптеканы тыйыш колдон келбейт окшойт. Менин угушумча жаза катары жеңил гана айып менен, же болбосо “кыргызча” бүтүрүп коюп иштерин уланта беришээрин уктук. “Цикломед, Мидотроп, Тропикамид, Нидакс, Сомнол деген дарылар”, -деп пикир калтырган.