Кой-Таш окуясы. Биринчи Май райондук сотунун имаратынын жанында митинг өтүүдө (Видео)

881

Бишкекте Кой-Таш окуясынын бир жылдыгына карата экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары акцияга чыгышты. Биринчи Май райондук сотунун имаратынын жанына 100дөй адам чогулду.

Сот имаратын кайтарган милиция кызматкерлери митингчилерге баннерлерди алып чыгып, тосмонун сыртында митинг өткөрүүнү талап кылышты. Айыпталуучунун жубайы Раиса Атамбаева менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ирина Карамушкина чырга аралашты. Бир аз талаш-тартыштан кийин милиция моюн сунган.

Чогулгандар: «Атамбаевге боштондук!» деп кыйкырып жатышат.

Эске салсак, 2019-жылы 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күч менен алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган. Эртеси 8-августта Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Видео: 24 кж

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь