“Абайлагыла”. Бишкекте тургун ижарага унаа алам деп абактагыларга алданып калган(Видео)

3 231

Бишкектин тургуну “Lalafo” тиркемеси аркылуу унааны ижарага алып, бирок абактагыларга алданып калган. . Бул тууралуу социалдык тармактарда маалымдалды.

2022-жылдын 8-августунда “Lalafo! тиркемеси аркылуу окуянын автору “Тойота Ист” унаасын ижарага алууну көздөгөн. Телефон аркылуу байланышкан адам, ал ага унаанын ээси Бишкекте эмес экенин, бирок ачкычтары жашыруун жерде катылганын түшүндүргөн. Ал эми электрондук капчыкка 10 миң сом которсо, ошол эле ачкычтарды аларын айткан.

Жыйынтыгында видеонун авиору акчаны которгон. Ал эми машинанын жанында турганда «Кечиресиз, байке» деген жазуусу бар абак камерасынын сүрөтүн жөнөтүшкөн.

“Баарын этият болушун болушун суранам. Бул адамдар короодо көпкө турган унааларды аңдып, анан Лалафодо унааны ижарага берүү жарнактарын ташташат”, – деп жыйынтыктады жабырлануучу.

Жаза аткаруу кызматы кийинчерээк маалымат берерин билдирди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь