“27 жашта”. Ысык-Көлдүн түбүнөн жансыз денеси табылган адамдын ким экендиги аныкталды

39 727

Ысык-Көлдө көлгө түшүп жатып дайынсыз жоголгон 4 жаштагы кызды издеп жаткан ыктыярчылар көлдөн эркек адамдын жансыз денесин табышты. Бул тууралуу ыктыярчылар социалдык тармактагы баракчасына жарыялашты.

Маалыматка ылайык, жансыз дене Балыкчы шаарындагы көлдөн табылган. Сөөктү милиция кызматкерлери алып кетти.

Бул факт райондук милициянын электрондук маалымат журналына катталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө сууга чөгүп кеткен адамдын өздүгү такталды.

Анда 5-августтан бери дайынсыз болуп жаткан Балыкчы шаарынын 27 жаштагы тургуну И.Б экени белгилүү болду. Ал мурда талма оорусу менен жабыркап келген.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тиешелүү текшерүүлөр жүрүп жатат.

Эске салсак, 18-июлда 5 адамдан турган балалуу үй-бүлө көл жээкте эс алып жаткан кезде шамал болуп, көл бешөөнү тең баллондору менен кошо жээктен алыс тартып кеткен. Аларды кайыктагы жергиликтүү тургундар таап алышкан. Бирок 4 жаштагы кызды таппай калышкан. Ошондон бери кызды көлдүн бардык аймагынан издөө иштери жүрүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь