“Коттедж, дүкөн, унаалар, үйлөр”: Бишкектеги №61 мектептин директору кармалды (Сүрөт)

1 321

Бишкектеги №61 физика-математикалык мектеп-лицейинин директору Юрий Низовский кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, мектепте Юрий Низовский тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталган. Ал окуучулардын ата-энелеринен акча алып турган.

Ал баланы биринчи класска киргизүүгө жардам берген үчүн бир нече жолу акча алган. Ошентип Низовский системдүү түрдө ата-энелерден опузалап акча алып келген. Ал өз мүлкүн жашыруу үчүн мүлктөрүн ишенген адамдарына каттаткан.

Тергөөнүн жүрүшүндө ага жана анын туугандарына таандык жалпы 150 миллион сомдук 35 мүлк аныкталды. Алар жер тилкелери, коттедж, дүкөн, унаалар, үйлөр жана батирлер. Анын иш бөлмөсүндө, үйүндө жана дачасында тинтүү жүрүп, көп суммадагы чет элдик валютадагы акча табылды”, – деп билдирди УКМК.

Ал кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө уланууда.


Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь