Эрнис Толтоев президенттин Оштогу өкүлүнүн орун басары болду

639

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп Эрнис Толтоев дайындалды. Бул туурасында облус өкүлчүлүгүнөн билдиришет.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Эрнис Толтоев бүгүн, 10-августта эмгек жамаатка тааныштырылды.Белгилей өтсөк, ал 2017-2020-жылдары президенттин аппаратында иштеп, ошол кездеги өлкө башчынын жардамчысы болгон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь