Бишкектеги “Азия молл” соода борборунда бомба бар экени кабарланды

742

Бишкектеги “Азия молл” соода борборунда бомба бар делинип, ичиндеги адамдар эвакуацияланган. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

“Бүгүн болжол менен саат 13:56да “Азия Молл” соода жана оюн-зоок борборунун имаратына бомба коюлганы тууралуу жашыруун билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге дароо тергөө-ыкчам тобу жөнөп кетишти.

Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана эвакуациялоо максатында имараттын аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынып, УКМКнын кызматкерлери да келишкен. Учурда тиешелүү издөө жана тактоо иш-чаралары жүрүп жатат, чоо-жайы кийинчерээк жарыяланат”, – деп жазылган маалыматта.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь