Май куюучу жайдын кызматкерин уктап жаткан жеринен тоноп кетишти (Видео)

2 569

Май куюучу жайда адамды уктап жаткан жеринен тоноп кеткен видео интернет желесинде тарады.

Маалыматка ылайык окуя, Казакстанда катталып 7-августта эки адам Бейнеу айылындагы май куюучу жайда уктап жаткан адамдын 80 миң теңгеси бар сумкасын уурдап, окуя болгон жерден качып кетишкен. Укук коргоо кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүүлөр аныкталып, камакка алынган. Бул факты боюнча Бейнеу райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 191-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат. “Башка маалыматтар тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн берилбейт”, — деп айтылат маалыматта.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь