Хабиб Нурмагомедов Бусурманкул Абдибаит уулу жеңилбегенин айтып чыкты (Видео)

3 713

Кечээ, 10-августта Бишкектеги Бишкек Арена спорт комплексинде “Eagle FC 49” турнири болуп өттү.

Турнирдин негизги беттешинде кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу орусиялык Расул Магомедов аттуу мушкер менен кез келип, калыстардын чечими менен жеңилүү ызаасын тартып калган.

Беттештен кийин Расул Магомедов сөз сүйлөп жатканда күйөрмандар кыйкырышты. Андан кийин сөз сүйлөгөн уюмдун негиздөөчүсү Хабиб Нурмагомедов Бусурманкул Абдибаит уулу жеңилбегенин айтты.

“Расул эмне үчүн күнөөлүү? Түшүндүрө аласыңарбы? Ал салмагын кууду, бул жерге чыгып беттешти. Сиздер Бусурманкул Абдибаит уулу салмагын көрсөтүлгөн салмакка түшүрө албаганын эске алышыңыздар керек. Менин оюмча, Бусурманкул Абдибаит уулу жеңилген жок. Бирок анын упайы алынды”, – деди Хабиб Нурмагомедов.

Мындан тышкары Хабиб Нурмагомедов эки мушкердин реванштык беттеши өтөрүн белгиледи.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь