Манас айтылып… Венгриядагы Кыргызстандын маданият күндөрү аяктады

237

үгүн, 15-августта Венгриядагы Кыргызстандын маданият күндөрү аяктады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарада манас айтылып, улуттук ыр-күүлөрү жаңырып, көргөзмөлөр менен коштолду.Маданият күндөрдүн расмий жабылышы Венгриядагы улуу гунн жана түрк тилдүү элдердин курултайынын алкагында өтүп, кеңири коомчулук катышты.

Иш-чарага атайын чакырылган коноктор, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана Венгрияда иштеп, жашап жаткан кыргыздар күбө болушту.Мындан сырткары маданият күндөрдүн алкагында эки элдин ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоо максатында бир катар эки тараптуу жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь