Ишкананын ишине нааразы болгон жаран өзүнө бензин чачып, өрттөп жиберди

1 270

Кашкадарыя облусунун борбору Карши шаарындагы булгаары заводунун алдында ишкананын ишине нааразы болгон жаран өзүнө бензин чачып, өрттөп жиберген.

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Хает Шамсутдиновдун айтымында, учурда бул жагдайды Карши шаардык прокуратурасы иликтеп жатат.

Окуяны чагылдырган видео буга чейин социалдык тармактардын өзбек сегментинде тараган. Чогулгандар ишканадан сасык жыт чыгып жатканына нааразы болушкан.

Видеодо бир жигит аны фабриканын администрациясынын өкүлдөрү, тагыраак айтканда, Акмаль аттуу адам коркутканын айтууда.

Андан соң “Ушул Акмаль үчүн жашагым келбейт” деп кыйкырып өзүн өрттөп жиберген. Чогулган эл өрттү өчүрүүгө жетишкен. Жабырлануучунун мындан аркы тагдыры тууралуу маалымат жок.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, учурда жарандын өзүн өзү өрттөшүнүн себептери такталууда.

Бул Өзбекстанда ушул айдын башынан бери ачыкка чыккан экинчи өзүн-өзү өрттөө окуясы. Мурдараак маалымдалгандай, 2-августта Фергана мунай заводунун кызматкери Санобархан Хайдарова өзүн өзү өрттөп жиберген. Аял ооруканада 10-августта каза болгон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь