95 жаштагы атактуу Италиялык актриса шайлоого талапкерлигин койду

272

95 жаштагы Джина Лоллобриджида келерки айда Италиянын Сенатына талапкерлигин коюуну пландап жатканын Bloomberg билдирди.

Ал отставкага кеткен премьер-министр Марио Драги өкмөтүнө каршы «Суверендуу жана элдик Италия» альянсынын атынан шайлоого катышат. Актриса мүчө болгон альянс Италиянын Евробиримдиктен жана НАТОдон чыгышын колдойт.

Италияда сенатка шайлоо 25-сентябрга белгиленген. Учурда өлкөдө мурдагы премьер-министр Сильвио Берлусконинин “Алга Италия”, Жоржия Мелонинин “Италиялык бир туугандар” жана Маттео Сальвининин “Лига” партиялары популярдуу.

1999-жылы Лоллобриджде Европарламентке шайлоодо талапкер болгон. 1950-1960-жылдары ал эң популярдуу жана изделген италиялык актрисалардын бири катары эсептелген. Актриса ондогон Голливуд жана Италия тасмаларында роль жараткан. Анын съёмкадагы өнөктөштөрү атактуу Хамфри Богарт жана Шон Коннери.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь