ЖӨБ ТАЖРЫЙБАСЫ. «МЫРЗАКМАТОВДУК ЫКМА МЕНЕН» ЭЛГЕ КЫЗМАТ …

811

 «МЫРЗАКМАТОВДУК ЫКМА МЕНЕН» ЭЛГЕ КЫЗМАТ …

Ар бир уюмду күнүмдүк чогулуш, ар кандай жолугушуулар же пландоо иштерисиз элестетүү мүмкүн эмес.  Жетекчи кол алдындагыларга тапшырмаларды коюп, пландарды жана жаңылыктарды бөлүшүп, кеңешип, аткарылган иштер боюнча отчет алат.  Бул нерсе  болуп келген жана боло берет.

 Мына ушундай чогулуштарда ар бир коллективдин башкы белгиси болгон— коллективдик дух, күчтүүлүгү артат. Бул буткул коллективдин ишинин натыйжалуулугун жогорулатат.  Бул маселеде жетекчинин ролу абдан чоң, анын кол алдындагылар менен туура мамилеси, кырдаалды жакшы билиши, маселелердин татаал жактарын баамдоосу ар бир тапшырма өз убагында, жогорку сапатта бүтүшүнө алып келет.

Бир эле мисалды айта кетели, Ош шаарында 2009-2014-жылдар аралыгында кесипкөй башкаруунун жана кол алдындагылар менен жөнөкөй адамдык мамиленин аркасында Ош шаарынын тургундарынын жашоосу жеңилдеп, жүздөгөн иштер аткарылды, Кесипкөй чарбачылдыктын аркасында Ош шаары Борбор Азиянын берметине айланды. Ар бир маселе жеринде, эч кандай бюрократиясыз дароо чечилип турду. Мындай башкаруу бүгүнкү күнгө чейин “Мырзакматовдук башкаруу ыкмасы”- деп эл ичинде сөз болуп келди.   

Жөнөкөй мисал, Ошол учурдагы Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов ар бир дүйшөмбү күнү Ош шаарынын мэриясынын фойесинде түшкү тамаксыз, тыныгуусуз жарандарды кабыл алган. Ошол жерде Ош шаарынын 4 вице-мэри жана бардык муниципалдык кызматтардын жетекчилери турган. Шаардыктардын суроолору ар кандай болчу.  Бирөө жашаган аймакка газ алып келүүнү, бири суу же жолду оңдоону суранат. Негизинен турак жай, жер тилкеси менен келгендер көп болгон.  Ал эми алардын ар бирине мэр Мелис Мырзакматов чындыкты гана айтып, эгер маселе чечилсе, анда бул маселе дароо жергиликтүү бийликтин алдына коюлуп, чечүү мүмкүн болбогон маселелерди Мырзакматов жөн эле адамча түшүндүрүп, маселени чечүү абдан кыйын экенин айтып, республиканын бийлигине кайрылууну кеңеш кылчу.

Учурдагыдай бир справка алуу үчүн, ондогон инстанциялардан өтүү жок эле, башкача айтканда  бюрократиялык иштер болгон эмес.  Мелис Мырзакматовдун убагында бардык маселелерди чечүү автоматташтырылган.

 «Биз элдин кулубуз, муну унутпагыла.  Бизге бул жакка келгендердин баары үмүтсүздүктөн келет, бирок үмүт менен келет, силер, урматтуу жетекчилер, алардын сөзүн уккула, жардам бере алсаңар, дароо алардын көйгөйлөрү менен алектенгиле.  Бирок, колуңдан келбесе, анда айт, карапайым элди алдаба.  Аларга орой мамиле кылба, бой көтөрбө, эгер араңардан бирөө орой мамиле жасап, карапайым жарандарга жардам бербегенин уксам, катуу чара колдоном», – деп Мелис Мырзакматов ар бир ыкчам жыйында вице-мэрлерге, шаардык кызматкерлерге, жетекчилерге эскертип турган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь