Мөөнөтүнөн мурда эки судья иштен алынды

664

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Жамиля Туражанова жана Ысык-Көлдүн Тоң райондук сотунун судьясы Ниматилла Каримбековдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Мындай чечим Соттор кеңешинин тартип жазасын колдонуу жөнүндө сунушу менен кабыл алынган.

“Алар кызматтан судьянын жүрүм-турумунун талаптарын бузгандыгына байланыштуу бошотулду”, – деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Соттор кеңешинен Тоң райондук сотунун төрагасы Ниматилла Каримбековго жана Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Жамиля Туражановага чара көрүүнү суранган. Анда төрага Каримбековдун Эмгек кодексин одоно бузгандыгын айткан. Туражанованын кандай тартип бузганы айтылган эмес.

Кызматтан алынган судьялар азырынча комментарий берише элек.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь