БМПКнын директору, ырчы Түмөнбай Колдошов жемкорлукка айыпталууда

14 242

Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин директору Түмөнбай Колдошов менен аталган окуу жайдын башкы эсепчиси Т. Бердалиева кызматтык абалдарын кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке зыян келтирилген фактылар аныкталды. Бул фактылар боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө жүрүүдө. Бизге жеткен маалыматка таянсак Түмөнбай Колдошов жеке тааныштарына мыйзамсыз айлык маяналарын чегерип, ал акчаларды өзү алып жүргөнү айтылууда. Бул фактылар боюнча коррупциялык иштерге барган БМПКнын тиешелүү жетекчилери жоопко тартылабы?

Төмөндө Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан аныкталган коррупциялык иштин пресс релизин тиркейбиз:

Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин кызмат адамдары өздөрүнүн кызматтык абалын жана акча каражаттарын тескөө боюнча ыйгарым укуктарын кызматтын кызыкчылыгына каршы колдонуп, 24.01.2022-жылдан 06.04.2022-жылга чейинки аралыкта Бишкек шаарынын Октябрь райондук казыналыгында ачылган БМПКнын атайын эсебинин каражаттарынан Ф.Тойчубекованын дарегине 7 төлөм тапшырмасы боюнча 168 076 сом, А.Өскөналиеванын дарегине 10 төлөм тапшырмасы боюнча 237 172 сом жана З.Төрөкулованын дарегине 1 төлөм тапшырмасы боюнча 19 230 сом суммасындагы акча каражаттарын, эмгек акыны төлөө түрүндө мыйзамсыз которушкан.

Бирок, иш жүзүндө Ф.Тойчубекова, А. Өскөналиева жана З. Төрөкулова БМПКда иштеген эмес, аларды БМПКга ишке кабыл алуу жөнүндө буйруктар болгон эмес жана алар БМПКнын эмгек акысын чегерүү ведомостторунда көрсөтүлгөн эмес.

Мындан тышкары, 24.01.2022-жылдан 06.04.2022-жылга чейинки мезгилде БМПКнын жогоруда аты аталган кызмат адамдары БМПКнын атайын эсебинин каражаттарынан финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы (башкы бухгалтер) Т.Бердалиевага, анын негизги айлык акысынан тышкары, 11 төлөм тапшырмасы боюнча 270 487 сом суммасында эмгек акысын мыйзамсыз төлөшкөн. БМПКнын атайын каражаттарын мыйзамсыз пайдалануунун натыйжасында мамлекетке 694 965 сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Ошентип, БМПКнын кызмат адамдары өздөрүнө жана башка адамдарга пайда алуу максатында кызматтын кызыкчылыктарына каршы өзүнүн кызматтык абалын пайдаланып, мамлекеттин кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирилгендигине байланыштуу, алардын аракеттеринде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын курамы байкалат.

PS: КР Билим жана илим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев учурда бул тармакта реформа жасоо менен убара. Министрге кулак кагыш. Ушундай этеги жаман жерден айрылган Түмөнбай Колдошовго окшогон ап этме жетекчилерди тазалап, бир силкинип албаса абал чатак.

Чындык Медиа.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь