Камактагы Ырыс Жекшеналиевдин үйү тинтилгени кабарланды

715

“Баштан башта” кыймылы камактагы блогер Ырыс Жекшеналиевдин үйү тинтүүгө алынганын билдирди. Аталган кыймылдын Телеграм каналына жарыяланган видеодон бөлмөнүн чачылып жатканын көрүүгө болот жана аны тарткан адам тинтүү 18-августта кечки саат 6.20да болгонун айткан.

Ички иштер министрлиги буга байланыштуу азырынча түшүндүрмө бере элек.

Фейсбуктагы “Полит Узник” баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Калайман башаламандык”) 3-бөлүмүнө (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) ылайык кылмыш ишин козгогон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь