Ачууга алдырган эне кызынын тоюнда башындагы жоолугун жулду (Видео)

108 083

Интернет желесинде тойдогу чуулуу видео тарады. Кыйкырып жаткан аял, келиндин башындагы хиджабын күч менен чечүүгө аракет кылып жатат, деп жазат “Kazakh24.info” басылмасы.

Маалыматка ылайык, кыйкырып колуктуну көздөй барган аял, анын энеси болгон. Көңүлү чөккөн аял өзүн жоготуп, залдын ортосунда турган жаш жубайлардын жанына барып, кызынын башындагы жоолугун күч менен чечүүгө аракет кылган.

Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары ар кандай пикирлерин калтырууда. Айрымдары туура деп эсептешсе, айрымдары жоосунсуз жорук катары баалашууда.

Белгилей кетсек, окуя Казакстанда катталып, качан жана кайсы күнү болгону белгисиз.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь