Улуттук банк валюталык операцияларга коюлган чектөөлөрдү алып салды

686

Валюта рыногунун учурдагы салыштырмалуу турукташуусуна байланыштуу алмашуу бюролору тарабынан чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу боюнча коммерциялык банктар менен операцияларды жүргүзүүгө чектөөлөрдү алып салды. Бул тууралуу кечээ, 5-сентябрда регулятордун маалымат кызматы билдирди.

Улуттук банк Башкармасы «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомунун аракетин убактылуу токтотуу тууралуу» токтомун кабыл алды.

Ушул токтом менен чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндөгү жогоруда аталган чектөөлөр 2022-жылдын 1-декабрына чейин убактылуу токтотулат.

Эске салсак, Улуттук банк 22-июлдагы токтому менен төмөнкүдөй чектөөлөрдү киргизген болчу:

Комбанктарга:

Алмашуу бюролору менен операцияларды жүргүзүүдө календардык күндүн ичинде бир убакта алмашуу бюросунун жүгүртүү капиталынын чегинде чет өлкөлүк валютанын көлөмүн чектөө.
Улуттук банкка ар жумалык отчетторду отчеттук жумадан кийинки дүйшөмбү күнү саат 14:00гө чейин берүү.
Ар бир айдын акыркы иш күнүнө карата, отчеттук айдан кийинки иш күнү саат 16:00гө чейин алмашуу бюролору менен чет өлкө валютасы менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматты Улуттук банкка берүүгө.
Акча алмаштыруу жайларга:

Комбанктарда календардык күндүн ичинде алмашуу бюросунун жалпы жүгүртүү капиталынан ашкан суммада нак чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат.
Коммерциялык банктар менен чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүүдө коммерциялык банктарга алмашуу бюросунун жетекчиси кол койгон жазуу жүзүндө мурунку күндүн аягында жана/же жылдын башында алмашуу бюросунун жүгүртүү капиталынын көлөмүн ырастаган маалыматтарды берүүгө. күнү, тиркелген KKM чек менен.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь