Алты айда иш издегендердин саны 4,1 пайызга азайды

615

Быйылкы жылдын алты айында өткөн жылдын ушул учуруна салыштырмалуу иш издегендер 4,1 пайызга азайды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына таянып Улуттук статистика комитети билдирди.

“2022-жылдын 1-июлуна чейин өлкө боюнча ишсиз катары расмий каттоого туруп, жумуш издегендердин саны 100,6 миңди түздү. Бул былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 4,1 пайызга төмөн”, — деп айтылат билдирүүдө.

Булардын ичинен 75,2 адам — дагы деле каттоодо тургандар. Калганы — сунушталган жумуштардан эки жолу баш тарткан жарандар.
Иштеген иши жоктордун басымдуу бөлүгү Жалал-Абад (20 миң киши), Ош (17 миң) жана Баткен облустарында (11 миң) жашайт. Калган аймактарда жумушу жоктордун саны 7 миңден төмөн.
Маалыматка караганда, өлкөдө бул топко кирген жарандардын 44,8 пайызы аялдар.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь