«Кыргызиндустрия» мамлекеттик ишканасы токтоп турган ишканаларды жандандырууга көмөк көрсөтөт

561

Токтоп турган ишканаларды жандандырууга жаңыдан түзүлгөн «Кыргызиндустрия» мамлекеттик ишканасы көмөк көрсөтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн жеңил өнөр жай ишканаларынын жетекчилери менен жолугушуу учурунда билдирди.

Жапаров кийим тигүү тармагынын жумушчуларынын мүмкүн болгон салымынын аркасында республиканын калкы ата мекендик жогорку сапаттагы продукцияны сатып алууга кеңири мүмкүнчүлүк алганын белгиледи.

“Биз текстиль жана тигүү тармагынын экспорттук дараметин жогорулатууда бардык шарттарды түзүү менен катар, каржы жагынан да колдоого даярбыз. Буга чейин мамлекетте ишкерликти колдоо үчүн зарыл болгон финансылык каражат жок болчу. Эми өндүрүштүк долбоорлорду колдоо мүмкүнчүлүгүбүз бар”, – деди ал.

Ошондой эле ал токтоп турган ишканаларды жандандырууга жаңыдан түзүлгөн «Кыргызиндустрия» мамлекеттик ишканасы көмөк көрсөтөөрүн билдирди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь