Бүгүн 17-сентябрь күнү Алмазбек Атамбаев 66 жашка толду. (Видео)

2 080

Бүгүн мурунку президент Алмазбек Атамбаев 66 жашка чыкты. Туулган күнүн ал УКМКнын тергөө абагында белгилейт.

Тек жайы. Балалыгы

Атамбаев Алмазбек Шаршенович Чүйдүн Арашан айылында 1956-жылдын 17-сентябрында үй-бүлөдөгү эки уул, бир кыздан кийин туулган. Атасы Шаршен сот тармагында, апасы Канымкүл колхоздо эмгектенген. Мектепти жакшы окуп, бош убактысын китеп окуп, апасына талаачылык иштерине жардам берүү менен өткөргөн. Гитара черткенди бала кезинде эле өздөштурүп алат.

Студенттик күндөрү.

Мектептен соң Москва башкаруу институтуна тапшырып, 1980-жылы инженер-экономист адистигине ээ болуп чыккан. Студенттик күндөрүндө сабактан сырткары жүк көтөрүп, короо шыпыргыч жана от жаккыч болуп эмгектенип, күнүмдүк жашоосуна акча тапчу.

Саясатка болгон кадамы.

Чоң саясатта 1995-жылдан бери келе жатат. Ошол жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келип, 2000-жылы президенттик шайлоодо 3-орунду ээлеген. 2005-жылдын Март окуясына чейин оппозициялык жээкте акаевдик кландык-авторитардык режимди кулатуу үчүн күрөшкөн саясатчылардын сап башында турган. 2006-жылы Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев баш болгон жоон топ саясатчылар «Курманбек Бакиев саясий реформаларды жүргүзүүнү токтотту, криминалды колдоп-жактап жатат» деген нааразычылыктар менен ири масштабдуу митингдерди өткөрүп башташкан.

Үй-бүлөсү, балдары…

Атамбаев эки жолу турмуш курат. Биринчи жубайы Бүажар Тенизбаева экөө төрт балалуу болушкан. Алар уулдары: Сейитбек, Сейтек жана эгиз кыздары Диана, Динара .
1998-жылы Раиса Атамбаева менен баш кошуп Кадыр жана Алия аттуу уул жана кыздуу болушат.

Президенттик сапары.

2011-жылдын 30-октябрында президенттик шайлоо өтүп, 16 талапкердин ичинен Алмазбек Атамбаев жеңишке жетти. Үй-бүлөсүн коомчулуктан, бийлик иштеринен алыс кармагандыгы менен айырмаланган Алмазбек мырзанын мамлекет башчылык милдетине киришүү боюнча ант берүү аземине жубайы Раиса Атамбаева, уулу жана кызы катышкан.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын президенттик постунда 2017- жылдын 24- ноябрына чейин турду. Өзүнөн кийин ошол кездеги президенттик шайлоонун жыйынтыгы менен атаандаштарынан озуп чыккан саясаттыгы сапарлашы, досу Сооронбай Жээнбековго президенттикти өткөрүп берди.

2019-жылы Атамбаевдин кол тийбестиги алынып, камакка алынат. 2020-жылдын 23- июнь күнү сот коррупция беренеси менен 11 жыл эркинен ажыратууга өкүм чыгарган. Алмазбек Атамбаевге бир нече кылмыш иши козголгон. Анын ичинде кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу, Кой-Таш окуялары бар.

Бүгүн Атамбаевдин өздүк майрамы менен куттуктап, анын жубайы Раиса Атамбаева жана уулу Кадыр Атамбаев о.э партиялаштары, тарапташтары УКМКнын тергөө абагына барышты.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь