Фергана облусунда жаш балдар жапырт ууланды

302

Фергана облусундагы №39 бала бакчанын сегиз тарбиялануучусу ич өткөк диагнозу менен ооруканага жеткирилген.

Фергана облустук прокуратурасынан билдиришкендей, учурда бейтаптардын абалы канааттандыраарлык деп бааланууда.

Мекеменин маалыматына караганда, 15-сентябрда аталган бала бакчанын 33 тарбиялануучусу медициналык кароодон өткөн. Алардын 20сы ооруканага жеткирилсе, 13ү үйлөрүнө кое берилген.

Mother hand holding child hand who have IV solution in the hospital with love and care

«Экспертиза үчүн тиешелүү үлгүлөр алынып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Бүгүнкү күндө бул окуя боюнча Алтыарык райондук прокуратурасы текшерүү иштерин жүргүзүп жата», – деп жазылган облустук прокуратуранын билдирүүсүндө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь