Бүгүн 19-сентябрь өлкөдө улуттук аза күтүү күнү.

368

Кыргызстанда 19-сентябрь — Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул туурасында президент Садыр Жапаров жарлыкка кол койду .Бул күнү: Улуттук аза күтүү күнү өлкөнүн бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлөт;маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына Улуттук аза күтүү күнүндө оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталат. 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон куралдуу жаңжалда кыргызстандык 36 жай жаран жана жоокер курман болду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь