Бүгүн 20-сентябрь Кыргызстандык ишкерлердин майрамы

302

Бүгүн, 20-сентябрь — Кыргызстанда ишкерлердин кесиптик майрамы. Бул күн Өкмөттүн 2000-жылдын 20-октябрындагы токтому менен бекитилген.

2016-2020-жылдардагы Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак,

2020-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында 17,0 миң ишкана иштеген, анын 16,3 миңи чакан ишканалар жана 0,7 миңи орто ишканалар. Иштеп жаткан ишканалардын 27 пайыздан ашыгы – дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо боюнча, 15,1 пайызы – өнөр-жай жана 12,1 пайызы – курулуш боюнча өз ишмердигин жүргүзүшкөн

2021-жылдын 1-январына карата республиканын аймагында 418,8 миң жеке ишкерлер катталган.

Чакан жана орто ишкерлик субъекттер тарабынан өндүрүлгөн кошумча дүң нарктын көлөмү 231,3 млрд. сом же ИДПга карата 38,6 пайыз өлчөмүндө. 2016-2020-жылдары анын үлүшү ИДПга карата орточо 40,8 пайызды түзгөн.

2020-жылы чакан жана орто ишканаларда иштегендердин саны 100,8 миң адамды, же экономикада иштегендердин жалпы санынын 4,1 пайызын туздү.

Кыргыз Республикасындагы чакан жана орто ишкерлик

Улуттук статистика комитетинин жарыя кылган акыркы маалыматына таянсак, 2018-жылдын 1-январына карата 402 миңге жакын жеке ишкер бар экени такталган. Ал эми чакан жана орто ишканаларда иштегендер 91 миң адамды, тактап айтканда, экономика тармагында иштеп жаткандардын жалпы санынын 4 пайызын түзгөн.

Ушул жылдын биринчи жарымында чакан жана орто ишкерликтин субьектилери өндүргөн кошумча дүң нарктын көлөмү ички дүң өндүрүмгө карата 33 %ды түздү. Ал эми 2018-жылдын жыйынтыгы менен анын көлөмү 231 млрд сом, же болбосо ички дүң өндүрүмдүн 41,5 %ын түзгөн.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь