Бүгүн 21-сентябрь Эл аралык тынчтык күнү

315

БУУнун Башкы ассамблеясы 1981-жылдын 30- ноябрында кабыл алган чечимге ылайык, Тынчтык күнү дүйнөдөгү чатактарды жана зордук-зомбулуктарды токтотуу, тынчтык идеяларын жайылтуу максатында кабыл алынган. Ал эми Башкы ассамблеянын 2001-жылкы сессиясы 21-сентябрды Эл аралык тынчтык күнү деп жарыялаган.

Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 21-сентябрда Эл аралык Тынчтык күнү белгиленет. Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясы бул күндү 24 саат бою күч колдонбоо, тагыраагы зордук-зомбулукка жол бербөө жана ок атпоо режимин сактоо менен тынчтыктын идеалдарын бекемдөөгө арналган күн катары жарыялаган.

Бул күн улуттардын жана өлкөлөрдүн ортосунда тынчтык мамилелерди бекемдөөгө арналган.

Жыл сайын 21-сентябрда БУУда ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп, салттуу түрдө Тынчтык коңгуроосу кагылат. Салтанат БУУнун Башкы катчысынын кайрылуусу менен башталат, андан соң ал коңгуроо кагат.

БУУнун расмий сайтында: «Биз бири-бирибизге душман эмеспиз. Тескерисинче, биздин жалпы душманыбыз — биздин ден-соолугубузга, коопсуздугубузга жана жашоо мүнөзүбүзгө коркунуч келтирген вирус. COVID-19 дүйнөнү дүрбөлөңгө салып, планетанын бир бөлүгүндө болуп жаткан окуялар бардык адамдарга таасир этиши мүмкүн экендигин күч менен эскертти”, — деп айтылат.

Кечээ 20-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясы болду. Анда, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров сөз сүйлөп жатып, чек ара маселесин көтөрдү.

Садыр Жапаров: “Тажикстандын куралдуу күчтөрү биздин аймагыбызга негизсиз эле масштабдуу агрессия жасады.

Советтер Союзу юридикалык жактан 1991-жылдын 21-декабрында Казакстан Республикасынын Алма-Ата шаарында тараган, мында 11 көз карандысыз мамлекеттин башчылары “Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин түзүү жөнүндө” Алма-Ата Декларациясын кабыл алышкан.

Декларацияда көз карандысыз мамлекеттер бири-биринин аймактык бүтүндүгүн жана учурдагы чек араларынын бузулбастыгын тааныйт жана урматтайт деп белгиленген.

Алар «достук, ынак коңшулук жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелеринин терең тарыхый тамырын бекемдөө элдердин негизги кызыкчылыктарына жооп берет, тынчтык жана коопсуздук ишине кызмат кылат» деп көрсөтүшкөн. Өлкөлөр «жарандык тынчтыкты жана улут аралык ынтымакты сактоо үчүн өзүнүн жоопкерчилигин» сезет деп жазылган.

Бул юридикалык документке Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин 11 мамлекетинин президенттери, анын ичинде Тажикстан Республикасынын Президенти да кол койгон.

Белгилей кетсем, 2021-жылдын апрелинде Тажикстандын куралдуу күчтөрү биздин аймагыбызга негизсиз эле масштабдуу агрессия жасады, анын кесепетинен 36 жараныбыз курман болуп, олуттуу материалдык зыян келтирилди.

Ал эми ушул жылдын 14-, 15- жана 16-сентябрында Кыргызстандын түштүгүндө масштабдуу аскердик кагылышуу болгондугун терең кайгыруу менен кабарлайм.

Мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, тажик тарап, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

Ушуга байланыштуу тилектештик жана моралдык колдоо көрсөткөндүгү үчүн БУУ системасына, досторубузга, өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдирем. Бизде тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар.

Тажикстан тараптын эч кандай себепсиз эле жасаган ушундай куралдуу агрессиялык жүзүкаралык акциялары бизди өтө капа кылууда, анткени биздин өлкөлөрдүн ортосунда эл аралык келишимдер жана милдеттенмелер түзүлгөн болчу. Биз тажик кошунабыз менен кандай гана форматта болбосун, эл аралык эрежелердин негизинде, цивилизациялуу юридикалык жолдор менен сүйлөшүү процессин улантууга даярбыз.

Биз эч качан биринчи болуп кол салган эмеспиз жана кол салбайбыз.

Ар дайым курал колдонуудан алыс болууга аракет жасап келебиз жана эч качан куралсыз жай тургундарды атпайбыз!” деди, С. Жапаров

Эл аралык тынчтык күнү 1981-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан негизделген. Жыйырма жылдан кийин, 2001-жылы, Башкы Ассамблея бир добуштан бул күндү күч колдонбоо жана ок атышпоо мезгили деп бекиткен.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь