Казакстанда жел чыгарып жиберген жоокердин окуясы талкууда (Видео)

30 236

Актөбөдөгү аскер бөлүгүндө нөөмөттө турган жоокер жел чыгарып койгонунан улам башынан оор сокку алганын айтууда. Эми ата-энеси аскерге аман-эсен кеткен уулун кордогон адамды жазалоону суранууда, деп билдирет КТК каналы.

Телеканал билдиргендей, Алдияр учурда үйүндө дарыланууда. Телеканалга маек берген жоокердин жакындары Актөбөдөгү 6655-аскер бөлүгүнүн сержантын сабап саламаттыгы бузулганын айтышууда. Алдияр июнь айында аскердик милдетин аткаруу үчүн Тараздан Актөбөгө барган. Жабырлануучунун айтымында, уктаар алдында казармада жел чыгарган. Ошол үчүн сержант тарабынан ур-токмокко алынганын айтат.

“Жөн эле жел чыгарып жибергеним үчүн баары жийиркеништи. Мен башка жакка барып турдум. Жагымсыз жыт кийимденби деп сурашса, мен экенимди айттым. Башыма чаап жиберди. Эс учумду билбей куладым. Санитардык бөлүмгө алып барышты, ошол жерден ойгондум”, – дейт Алдияр.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь