«Аткылагыла, артка жол жок!» Кулатбек Абдисамат уулунун акыркы сөзү

712

Тажикстандын кол салуусунан 31 жаштагы Кулатбек Абдисамат уулунун сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу досу билдирди.

Маркум 1991-жылы Баткен районунан караштуу Ак-Татыр айылында туулган. Ал 16-сентябрь күнү кызматын өтөп жатканда өлтүрүлгөн. Анын артында 3 уул, 2 кызы калды. Кулатбек Абдисамат уулу №2022 аскер бөлүгүнүн Орто-Боз чек ара тозотунун прапорщиги болгон. Ал дал ошол жерде 7 жыл кызмат кылган.

«Үч-Дөбөдө тажиктер менен кармашкан. 5 аскерге жоопкер болгон. 2 «Бөрү» кызматкери жарадар болуп, аларды башка жерге жылдырышкан. Үчөө тажиктер менен акырына чейин кармашкан. 16-сентябрь күнү түштөн кийин тажиктердин курчоосунда калып калган. Анын акыркы сөзү «мени тажиктер курчап алды, артка жол жок, мен турган жерди аткылагыла» деген», — деди досу.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь