Кулов: “Эмомали Рахмонду “Бишкектин ардактуу атуулу” наамынан ажыратуу керек”

265

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Феликс Кулов коңшу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду “Бишкектин ардактуу атуулу” наамынан ажыратуу боюнча үн катты.

“Бул окуя 25 жыл мурун, мен борбор калаанын мэри болуп турганда болгон. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкөгө келген, анда анын фамилиясы Рахмонов болчу. Президент Аскар Акаевдин администрациясынан Рахмоновду шаардын ардактуу атуулу кылуу боюнча тез арада чечим даярдайлы деген тапшырма алдык. Мен “анын Бишкекке кандай тиешеси бар?” деп сурасам, “Тажикстандагы жарандык согушту токтотууда анын сиңирген эмгегин кандайдыр бир деңгээлде даңазалоо керек” деген жооп алдым. Анын үстүнө согушуп жаткан тараптардын жарашуу этаптарынын бири Акаевдин демилгеси менен Кыргызстандын борборунда өткөн”, – деди Кулов.

Кулов орден ыйгаруу туура эмес экенин, бирок кадырлуу конокту куру кол кетирбеш үчүн ардактуу атуул наамын ыйгаруу кадыресе көрүнүш экендигин белгиледи.

“Кийинчерээк мен Рахмондун ошол сапарында чек ара маселелерин чечүүгө дагы бир аракет жасалганын билдим. Бирок аны ишке ашыруу мүмкүн болгон жок. Анткени алар жарандык согуш аяктагандан кийин өздөрүнүн ички көйгөйлөрүн толук чече электигинен улам бул маселени ишке ашыруу мүмкүн эмес болчу.

Бир нече жылдардан кийин Рахмон ардактуу атуул деген наамга татыксыз экенин, примитивдүү диктатор жана агрессорго айланып кеткенин турмуш көрсөттү”, – деп жыйынтыктады Феликс Кулов.

Белгилей кетсек, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго “Бишкектин ардактуу атуулу” наамы 1999-жылы ыйгарылган. Ошол кезде Бишкек шаарынын мэри Феликс Кулов болчу. Сыйлык тапшыруу аземине ошол кездеги президент Аскар Акаев дагы катышкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь